UFC'нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык актриса Хэлли Берри менен бирге тасмага тартылган.
9-февралда кыргызтандык мушкер америкалык Кэтлин Чукагянды утуп, 3-жолу чемпиондук курун коргоп калды. Ал беттешке Берри Шевченкону колдоо үчүн келип, андан соң жеңиши менен куттуктаган.
«Хэлли Берри — мыкты адам. Ал турнирге келгенине абдан кубанычтамын. Беттешке чыгардын алдында мага келип, ийгилик каалады. Бул абдан өзгөчө учур болду. Мындай көрүнүштөр сага дем-күч берет. Андан соң жөн гана мушташып кое албайсың. Сен 100 пайыз күчүңдү көрсөтүшүң керек.
Биз 2 ай чогуу машыгып, иштедик. Кийин бирге тасмага тартылдык. Ал тасманы жылдын аягында көрөбүз деп ишенем», - деди Шевченко.
Булак: Баракелде