Америкалык актер Микки Рурк кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп калганы менен куттуктады.
Кечээ, 9-февралда Хьюстон шаарында (Америка, Техас штаты) UFCнин кезектеги турниринде кыргызстандык спортчу Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешип, атаандашын 3-раундда техникалык нокаут менен утту. Анын жыйынтыгы менен чемпиондук курун үчүнчү жолу коргоп калды.
Буга чейин кыргызстандык мушкер айымды актриса Холли Берри куттуктаган болчу.
Булак: Баракелде