UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону — кыргызстандык Валентина Шевченко кечээ, 9-февралда Американын Техас штатындагы Хьюстон шаарында өткөн турнирде үчүнчү жолу чемпиондук курун коргоп калды.
Шевченко америкалык атаандашы Кэтлин Чукагянды 3-раундда техникалык нокаут менен утуп алды.
«Биз жеңил салмактагы мушкерлердин рейтингин карап чыктык. Ал жерде Кэтлин Чукагян менен Жессика Айдан кийин Жоанна Калдервуд, Женнифер Майа, Роксанн Модаффери орун алган. Бул 3 кыз абдан күчтүү мушкерлер, беттешүүдө ар биринин уникалдуу стили бар. Мен кубануу менен алар менен беттешем», - деди Шевченко турнирден кийин.
Валентина Шевченко Кэтлин Чукагянды жеңгенден кийин 270,000 доллар гонорар алды.
Булак: Баракелде