Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченко минималдуу дивизиондогу титулдун ээси Вейли Жанг өзү тууралуу жетиштүү жарыялай элек деп ойлойт.
«Бири нече ай мурун кытайлык кыз Вейлини эч ким таанычу эмес. Ал рейтингдин кайсы позициясында болгонун мен билбейм. Бирок жагдайга жараша чемпион болду. Жанг Енжейчик менен мушташат. Ал үчүн бул беттеш кыйын сыноо болот деп ойлойм. Анын дивизионунда Роуз Намаюнас бар. Бул дагы Вейли үчүн кыйын тест болот. Жанг көп нерсени далилдеши керек. Мен мушташууга даярмын, бирок алдыда экенин көрсөткөндөр менен мушташ өткөрөм», - деди Шевченко «MMA Fighting» порталына берген маегинде.
Валентина Шевченконун кезектеги беттеши 8-февралда өтүп, чемпиондук наамын коргоо аракетин көрөт. Атаандашы – америкалык Кэтлин Чукагян. Алар кечээ, 2-февралда көз караш дуэлине чыгышты. UFC 246 турнири АКШнын Техас штатындагы Хюстон шаарында өтөт.
Булак: Баракелде