Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 188

Таиландда футбол боюнча 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпиондугунда Түштүк Корея курама командасы чемпион аталды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) сайтына жарыяланды.

26-январда өткөн финалда Түштүк Корея Сауд Арабия курамасы менен кез келип 1:0 эсебинде түштүк кореялыктар жеңип алышты. Жалгыз голду командасына Чжон Тэ Вук алып келген. Бул жеңиши менен түштүк кореялыктар өздөрүнүн тарыхында биринчи жолу жеңүүчү аталышты.

Ал эми 3-орун үчүн Австралия менен Өзбекстан кез келип, 1:0 эсеби менен Австралия жеңип алды.

Маалыматка ылайык 1-2-3-орунду алган командалар "Токио-2020" олимпиадасына жолдомону камсыздашмак.


Булак: super.kg