Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 184

Испаниянын гандбол боюнча курамасы катары менен экинчи ирет Европанын чемпиону болду. Кечээ, 26-январда өткөн финалдык оюнда испаниялык гандболчулар хорватиялыктарга каршы беттешти.

Бул командалар экинчи топтук этапта ойноп, беттеш тең чыгуу, тактап айтканда 22:22 эсеби менен жыйынтыкталган болчу. ЕВРО-2020 чемпионатынын чечүүчү оюнунда испаниялыктар атаандашынан артта калып, бирок беттештин аягында алдыга чыгып, оюн 22:20 эсеби менен жыйынтыкталды. Акыркы топту Алекс Дүйшебаев киргизди.

Испаниянын курамасы Европа чемпионунда экинчи ирет катары менен алтын медаль утса, Алекс менен Даниэл Дүйшөбаевдер экинчи жолу чемпион аталды.


Өкөн жылы 12-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Олимпиада чемпиону жана дүйнө чемпиону, легендарлуу гандболчу жана машыктыруучу — Кыргызстандан чыккан Талант Дүйшөбаев менен жолугушкан.

Сооронбай Жээнбеков Т.Дүйшөбаевдин өзүнүн балдары да гандболчу болуп дүйнөлүк аренада ийгиликтерге жетишип жатканын белгилеп, Кыргызстанда гандбол менен машыгып жаткан жаштарга чоң үлгү, дем берет деп билдирген.

Талант Дүйшөбаев президент Сооронбай Жээнбековго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип: «Албетте мен кыргыз катары элимди, жеримди дайым эстеп жүрөм. Мага мындай колдоо күч-кубат жана жеңишке болгон ишеним берип турат. Мен сизге колдоо көрсөтүп жатканыңыз үчүн ыраазычылык билдирем», - деген.

Талант Дүйшөбаевге 2017-жылы президенттин жарлыгы менен берилген II даражадагы «Манас» ордени да тапшырылган.

Булак: Баракелде