Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 214

Кытайдын Ухань шаарында февраль айында боло турган бокс боюнча лицензиялык турнир токтотулду. Буга аталган шаарда вирустун жаңы түрүнүн пайда болгону себеп болгонун уюштуруучулар билдирди.

Мындай чечим жергиликтүү уюштуруу комитети тарабынан спортчулардын коопсуздугу үчүн кабыл алынган.

Маалыматтарга караганда, аталган турнир качан жана кайсы жерде болорун Эл аралык олимпиада комитети тарабынан кийинчерээк жарыяланат. Буга чейин Олимпиада оюндарына тандоонун биринчи этабы Ухань шаарында 3-февралдан 15-февралга чейин өткөрүү пландалган болчу.

9-январда кытайлык эпидемиологдор Ухань шаарында вирустун жаңы түрү — коронавирус (2019-nCoV) пайда болгонун аныкташкан. Оорунун негизги белгилери — дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл.

Булак: Баракелде