Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 213

Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң айыл аймагында биринчи жолу фрирайдерлердин эл аралык мелдеши өттү. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Талгат Мукалаев билдирди.

Анын айтымында, мелдеш эки күнгө созулду. Ага Казакстан, Россия, Босния, Голландия, АКШ жана Түркиядан келген спортчулар катышты.

«Биздин аймак лыжа тебүүнүн сүйүүчүлөрү үчүн эң ылайыктуу. Жаратылыштын кооздугу өзүнө тартып турат. Сынакка келгендер да абдан суктанып, кийин дос жана туугандарына айтып барарын билдиришти. Бул мелдеш Ысык-Көлдө кышкы туризмди жайылтуу максатында уюштурулду», - деди Т.Мукалаев.

Булак: Турмуш