Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 206

Козубаев буга чейин Кыргызстандын "Дордой" жана "Алга" клубдарында, Литванын "Шауляй" жана "Гранитас", Сербиянын "Ягодина" клубунда ойногон.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасында коргоочу милдетин аткарган Темирлан Козубаев Индонезиянын жогорку лигасындагы "Персита Тангеранг" клубу менен келишим түздү. Бул туурасында КРдин Футбол федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу, Дордой футбол клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев. Архив

Спортчунун келишим менен аталган клубда жыл аягына чейин ойной турганы айтылат.
Козубаев буга чейин Кыргызстандын "Дордой" жана "Алга" клубдарында, Литванын "Шауляй", "Гранитас" жана Сербиянын "Ягодина" клубунда ойногон. Ал эми былтыр Малайзиянын PKNS FC клубунун намысын коргогон.

Белгилей кетсек, жылдын башында дагы бир кыргызстандык футболчу Азамат Байматов малайзиялык "Куала-Лумпур" клубу менен келишим түзгөн.

sputnik.kg