Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 191

Күрөш боюнча кыз-келиндер арасында дүйнөлүк рейтингдин сап башында турган Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Түркияда өткөн эл аралык мелдеште дагы жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.

Ал 62 килограммдык салмактар арасында атаандаштарынын баарын утуп, финалдык таймашта Азербайжандык Татьяна Омельченконун үстүнөн таза жеңишке жетти.

Ошондой эле бул эл аралык мелдеште дагы бир мекендеш кызыбыз Назира Марсбек кызы дагы биринчи орунду багындырды. Ал 59 килограммдык салмакта күч сыншкан. Ал эми 76 килограммдык категорияда Айпери Медет кызы күмүш медал менен сыйланды.

Булак: NazarNews.kg