Бишкек, "Саясат. kg". Команда кечээ Монголияга учуп кетти.
Футбол федерациясынын маалыматына караганда Кыргызстандын улуттук командасы кечээ, 13-октябрда Монголиянын Улан-Батор шаарына учуп кетти жана алар 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунун негизинде монголиялык футболчулар менен таймашат.
Белгиленгендей беттешүү 15-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 14.00дө болот.