Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 206

Бишкек, "Саясат. kg". Мындай ойногон болбойт. 

 

Кыргызстандын улуттук футбол командасынын башкы тренери Александр Крестинин кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын беттешин комментарийледи. 

 

"Биз курамга оптималдуу формада болгондордун баарын тарттык. Айрым футболисттер катышпады, бирок команданын үчтөн бир бөлүгү бул жерде болду. Оюн бир аз каалообуздай болбой калды. Азиянын Кубогу - 2019да биз бир топ ыкчам жана формада болчубуз. А бүгүн машыгуудагыдай ойнободук. Мындай ойнобош керек. Эмнеге мындай болуп калганын териштиребиз", - деди башкы тренер. 

 

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук командасынын беттешүүсү экинчи аталган команданын эсебине 1:0 менен жыйынтыкталган.