Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 225

Индонезияда 18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндарына континенттин 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Бул спорттук иш чарага Кыргызстандан барган 150 адам жалпысынан программада спорттун 40 түрү болсо, анын  28 түрү боюнча күч сынашууда.

 

 

Индонезияда 18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндарына континенттин 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Бул спорттук иш чарага Кыргызстандан барган 150 адам жалпысынан программада спорттун 40 түрү болсо, анын  28 түрү боюнча күч сынашууда. Бактыга жараша биздин спортчулар жаман эмес ийгиликтерди жаратышууда. Алгач мушташуунун жиу-житсу түрү боюнча мелдеште финалга чыккан 69 килограммга чейинки салмактагылардын ортосунда Төрөкан Багынбай уулу Бириккен Араб Эмиратынын өкүлү Талиб Алькирбини 2:0 эсебинде жеңип, алтын байге утту. Бүтүндөй спорт ышкыбоздору сүйүнүчүбүз койнубузга батпай жатсак, Дарья Маслова деген жөө күлүк кызыбыз 10 километр аралыкка чуркоодо атаандаштарын артка таштап, марага биринчи келди. Ал бул аралыкты 32:07.23 убакытта чуркап өттү. 2-орунду бахрейндик жөө күлүк Сумма Еунисе (32:11.12), 3-орунду Кытайдын өкүлү Жанг Дешун (32:12.78) алды. Адатта жеңил атлетикадан теги африкалыктар алдына эч кимди чыгарбагандыгын эске алганда, Дарьянын жеңиши күтүлбөгөн кубаныч болду. Алдыда Маслова 28-августта дагы 5000 метрге жарышка чыгат. Ал 23 жашта. Былтыр 2017-жылы Азия чемпионатында 5000, 10000 метрге чуркап, эки алтын медаль тагынган. Ушуну менен Азия оюндарындагы Кыргызстандын эсебине 16 байге жазылды. Акыркы маалыматтар боюнча, медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 17-орундан 15-орунга көтөрүлдү. Бул эми Кытай, Иран, Япония сыяктуу спортчуларын көкөлөтүп, баардык шартын түзүп берген мамлекеттердин алдында салыштырууга мүмкүн эмес шартта жаралган ийгиликтер экендигин эске алганда, чоң эрдик эмеспи. Эгер мамлекетибиз жыргатып жибербесе да, спортчуларыбызга колдоо көрсөтүп, демине дем кошуп турса, алар Кыргызстандын желегин ушундай эл аралык мелдештерде желбиретип, элибиз менен мамлекетибиздин атын чыгарып коюшмак.

 

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити