Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 177

Фехтования боюнча Казакстандын эркектер курамасы чейрек финалда Гонконгду жеңип, жарым финалда Японияга 36 : 45 эсебинде жеңишти алдырып жиберди. Мелдештин тартиби боюнча жарым финалда утулуп калган атаандашка коло сыйлык ыйгарылат.

 

 

Жакартадагы Азия оюндарында казакстандык атлеттер шаршемби, 22-августта төрт коло медаль багындырышты. Фехтования боюнча аялдардын командалык мелдешинде казакстандыктар төртүнчү чейректе гонконгдук атаандаштарын 45 : 40 эсебинде жеңип, бирок жарым финалда Кытай командасына 25 : 45 эсебинде утулуп калды.

 

Фехтования боюнча Казакстандын эркектер курамасы чейрек финалда Гонконгду жеңип, жарым финалда Японияга 36 : 45 эсебинде жеңишти алдырып жиберди. Мелдештин тартиби боюнча жарым финалда утулуп калган атаандашка коло сыйлык ыйгарылат.

 

Каноэ кайык жарышында Александр Куликов үчүнчү орунду алды.

 

Үч күндүн жыйынтыгы менен Казакстан бир алтын, беш күмүш, жана жети коло медалга ээ болду. Жалпы командалык эсепте өлкө 10унчу орунду ээлейт.

Азия оюндарына Казакстандан 440 спортчу катышууда. Мелдеш 2-сентябрда аяктайт.