Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 313

О, футбол! 

 

Бишкек, "Саясат.kg". Өткөн жумада Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык оюндары болуп өттү. А кечээ биринчи жарым финалдык оюн болуп өттү.

 

Жарым финал

 

Франция - Бельгия 1:0

 

Кечээ Санкт-Петербург шаарында өткөн таймашты 64 286 күйөрман стадиондо сүрөп турду. Оюн абдан курч мүнөздө өткөнүнө карабастан, Умтитинин 51-мүнөттөгү голу жалгыз болуп калды.  Бельгия татыктуу атаандаш болуп, мыкты оюн көрсөттү, бир нече жолу гол сайуу мүмкүнчүлүктөрү анткен менен текке кетти. Ошентсе да, бельгиялыктар бул чемпионаттагы жүрүшүн ийгиликтүү атаса жарашат.

 

Бүгүн кечинде экинчи жарым финалда Хорватия менен Англия кездешет.

 

Чейрек финалдар...

 

Уругвай - Франция 0:2

 

Нижний Новгород стадионуна бул күнү 43 319 күйөрман чогулду. Дүйнөлүк биринчиликтин алдында атактуу машыктыруучу Жозе Моуриньо Францияны фавориттердин катарына кошкон эмес. Сеньор Жозе атаган командалардын бири да анткен менен (мисалы, ал Германия, Испания, Бразилия, Аргентинага койгон) жарым финалга чыга албады, айрымдары тайпалык оюндардан кийин эле үйүнө кайтууга аргасыз болгон. Анткен менен, учурда бардык жагынан ишенимдүү оюнду дал ушул Франция көрсөтүүдө. Чейрек финалда да француздар Варандын 40-мүнөттөгү жана Гризманндын 61-мүнөттөгү голдору менен женишти эч кыйынчылыксыз камсыз кыла алышты. Букмекерлер быйылкы жылы чемпиондук таажыны француздар кийип калышы ажеп эмес экенин кыйытышууда.

 

Бразилия - Бельгия 1:2

 

Казань Аренага келген 42 873 күйөрмандын көп бөлүгү бразилиялыктар болчу. Неймар, Коутиньо, Виллиан ж.б. турган жылдыздуу Бразилияны буга чейин да анча ишнимсиз оюну үчүн сындап келишкен. Булардан айырмаланып, Бельгия улам, кадам сайын күчтөнүп келе жаткан. Алгач, 13-минутада Фернандиньо өз дарбазасына автогол жаратып, эсеп бельгиялыктардын пайдасына оой баштаган. 31-мүнөттө “Манчестер ситинин” оюнчусу Кевин де Брюйне экинчи бельгиялык голду киргизди. Бразилия 76-мүнөттө Ренато Аугустонун голу менен жооп узатууга араң жарады. Бизди Бельгия – Франция жарым финалдык таймашы күтөт.

 

Швеция - Англия 0:2

 

Чейрек финалдык оюндардын эң уйку келтирген таймашы ушул болду. 30-минутада Магуайр  эсепти ачса, 59-мүнөттө “Тоттенхемдин” жарым коргоочусу Дели Алли эсепти 0:2 кылууга жетишти. Тандалма оюндар жыйынтыгында Италияга бут тосо алган шведдер үчүн чейрек финалга чейин жеткени да чоң майрам.

 

Россия - Хорватия 1:1

 

экстра-тайм 1:1

пенальтиден 3:4

 

Чындыгын айтуу керек, дүйнөлүк чемпионатка чейин кимдир-бирөө ушу Россияны чейрек финалга жетет десе, аны баарыбыз келесоо демекпиз. Бирок, Черчесов абдан татыктуу команда түзө алган. Мурунку баскычта Испанияны үйүнө кайтарган орустар бул сапар хорваттарга татыктуу беттеш тартуулоого даяр турган. Лука Модрич, Ковачич, Манджукия, Ребич ж.б. европалык алдыңкы футбол клубдарында ойногон таланттар Орусиянын орто заар командасын футболдук лотерея – оюндан кийинки пенальти тебүүнүн гана жыйынтыгында араң жеңип чыгаарын эч ким күткөн эмес. 31-мүнөттө эсепти Дения Черышев ачкан. 39-мүнөттө Манджукия орус коргонуу чебин бузуп өтүп, чыгарып берген тобун Крамарич дарбазага таамай багыттап, эсепти теңеген. Беттеш тен чыгуу менен аяктап, 15 мүнөттүк эки экстра-тайм дайындалган. 101-мүнөттө бурчтан чыгарылып берилген топту Вида башы менен сүзүп, хорваттарды бакытка бөлөгөн. Бирок, 115-мүнөттө Россиянын курамасындагы бразилиялык коргоочу Марио Фернандес стандарттык абалдан Дзагоев чыгарган топту башы менен дарбазага тааай согуп, эсепти теңештирип салды. Ошентип, оюндун тагдырын футбол лотереясы чечти. Смолов менен Фернандес 11 метрлик топту тебе албай, жеңишти хорваттарга ыйгарып салышты. Анткен менен, башты жерге салууга негиз жок. Себеби, Россия утулган жок. Бул команда үчүн футболдук жеңиштер боюнча жаңы барактар ачылды.

 

Эртеси күйөрмандар менен жолугушууда коргоочу Сергей Игнашевич футболдогу карьерасын аяктаганын билдирди. Ал эми Александр Самедов курама команда үчүн карьерасы уланбай турганын айтты. Экөө тең мыкты футболчу!

Тема: