Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 176

Орусиянын футбол курамасы 1/8 финалдык беттешинде Испанияны жеңип алды. Оюн негизги жана кошумча убакытта 1:1 менен аяктап, пенальтиде орусиялыктар 4:3 эсеби менен утту.

 

 

 

 

Орусиянын футбол курамасы 1/8 финалдык беттешинде Испанияны жеңип алды. Оюн негизги жана кошумча убакытта 1:1 менен аяктап, пенальтиде орусиялыктар 4:3 эсеби менен утту.

 

Муну менен Орусия курамасы совет мезгилинен бери алгачкы жолу футбол боюнча дүйнө биринчилигинин чейрек финалына чыгууда.

 

Испаниялыктар оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн баштап эле топко көбүрөөк ээлик кыла баштаган. 12-мүнөттө орусиялыктардын коргоочусу Сергей Игнашевич Серхио Рамоско каршы күрөштө катага жол берип, өз дарбазасына гол киргизип алса, Артем Дзюба 42-мүнөттө белгиленген он бир метрлик айып соккуну тээп эсепти теңеди.

 

Эми орусиялыктар чейрек финалда 1/8 финалдык беттешинде Даниянын үстүнөн жеңишке жеткен Хорватия менен ойнойт. Бул оюнда дагы негизги жана кошумча убакытта эсеп 1:1 менен аяктап, оюндан кийинки пенальтиде хорваттар ийгиликке жетишти.