Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 187

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында жыйынтыктоочу тайпалык оюндардын кезеги башталды.

 

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында жыйынтыктоочу тайпалык оюндардын кезеги башталды. 25-июнда талаа ээлери Орусия Самара шаарында Уругвай менен кез келди. Эки команда буга чейин эле 1/8 бөлүккө жолдомо алып коюшкан, ошондуктан Орусия – Уругвайдын оюну тайпада биринчи орун үчүн болду.

 

Оюн жыйынтыгында орус футболчулары талаа ээси экенине карабай Уругвайга ири эсепте утулду. Жалпы жыйынтык 3:0 болуп, Уругвай биринчи орун менен “А” тайпасын жыйынтыктады. Бул оюнда орустардын мыкты оюнчусу Александр Головин талаага чыккан жок.

 

"А" тайпасында экинчи жуп Египет менен Сауд Арабиянын оюну болуп, жыйынтыгында Саудия Египетти 2-1 эсебинде утуп, чемпионаттын алкагында биринчи жеңишине жетти. Ошентсе да эки командага тең чемпионат жыйынтыкталды, ал эми Египет бул чемпионаттан бир да упайы жок үйүнө кайтууда.

 

Кечээ ошондой эле “В” тайпасында Испания - Морокко жана Португалия - Иран командаларынын оюну болуп, эки жуп атаандаштары менен тең-тең ойношту. Бул жыйынтыктар Испания менен Португалияга 1/8 финалдык бөлүккө жолдомо алып келсе, Морокко менен Иранга дүйнө чемпионаты расмий жыйынтыкталды.

 

Бүгүн үчүнчү тайпалык оюндар уланат. “С” тайпасынын алкагында Австралия - Перу, Дания - Франция, ал эми “D” тайпасында Нигерия – Аргентина жана Исландия – Хорватия командалары ойношот. 

 

 

Азаттык