Азыркы эрежелерге ылайык, дүйнө биринчилигине 32 өлкөнүн курама командасы катышат.

 

Футбол федерацияларынын эл аралык ассоциациясынын (ФИФА) кеңеши 2026-жылдан тарта дүйнө чемпиондугунун катышуучуларынын санын 32 ден 48ге чейин көбөйтүү чечимин кабыл алды.

 

Уюмдун "Твиттердеги" расмий баракчасында кабарлангандай, таймаштын катышуучулары эми 16 топко бөлүнүп, ар бири үч командадан турат.

 

ФИФАнын жетекчиси Жанни Инфантино чемпиондукка катыша турган командалардын көбөйүшү тууралуу былтыр күздөн бери айтып келет. Анын эсебинде бул өзгөрүү чемпиондуктук кирешесин 20% көбөйтөт.

Азыркы эрежелерге ылайык, дүйнө биринчилигине 32 өлкөнүн курама командасы катышат.

 

Ошентсе да жаңы эрежелерди айрымдар сынга алышты. Алар бул өзгөрүүлөр атаандашуу деңгээлин төмөндөтүп, таймаштын мөөнөтүн өтө узартып жиберерин белгилешүүдө.

 

"Азаттык"

Тема: