Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 2935

Команданын курамында Альбина Тулебердиева, Даткайым Садыкова жана Жибек Бекташева бар.

Абдураззак Муратов менен Жибек Бекташева Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан ок атуу спорту боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасына дагы эки коло медаль алып келди.

ВП-6 көнүгүүсүндө (пневматикалык мылтык, жуп (микс) кыргызстандык спортсмендер жогорку тактыкты жана мыкты командалык ырааттуулукту көрсөттү. Мелдештин жыйынтыгында Абдураззак Муратов менен Жибек Бекташева 3-орунду ээлеп, континенттик биринчиликтин коло байге ээлери болду. 

Ошондой эле, пневматикалык мылтыктан ок атуу (Air Rifle) көнүгүүсүндө кыз-келиндер арасындагы командалык мелдеште да кыргызстандык спортсмендер 3-орунду багындырып, коло медаль тагынды. Команданын курамында Альбина Тулебердиева, Даткайым Садыкова жана Жибек Бекташева бар.

Азия чемпионаты 2-февралдан 14-февралга чейин өтүп, мелдештер өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында өтүүдө. Турнирге 19 өлкөдөн 385 спортсмен катышууда.
Белгилей кетсек, Азия чемпионатында Кыргызстандын атынан 16 спортсмен жана 3 машыктыруучу катышууда.