Бишкек, "Саясат.kg". Игорь Кудренко – кыргыз футболунда чоң тажрыйбага жана жогорку квалификацияга ээ адис.
Игорь Кудренко Кыргыз Республикасынын 17 жашка чейинки өспүрүмдөр курама командасынын (U-17) башкы машыктыруучусу болуп расмий түрдө дайындалды.
Игорь Кудренко – кыргыз футболунда чоң тажрыйбага жана жогорку квалификацияга ээ адис. Ал AФК «А» лицензиясына жана FIFA Coach Educator дипломуна ээ. Узун жылдар бою Кыргызстандын улуттук курамасынын машыктыруучулар штабында Александр Крестинин менен иштеп, команданын тарыхый жетишкендиктерине чоң салым кошкон.
2017-жылы Игорь Кудренко Кыргызстандын U-23 курамасын «Tsunami Cup» эл аралык турниринде жеңишке жеткирген. Мындан тышкары, ал Кыргыз футбол биримдигинде техникалык директор жана спорт директору кызматтарын аркалап, футбол системасын терең түшүнгөн адис экенин далилдеген.
Клубдук деңгээлде Игорь Кудренко «Дордой» (Бишкек), «Бунёдкор» (Ташкент), «Локомотив» (Ташкент), «Барс» (Каракол) клубдарында машыктыруучу болуп иштеген жана Кыргызстандын Премьер-Лигасынын бир нече жолку чемпиону болгон.
Игорь Кудренконун U-17 курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалышы келечекте Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу өкүлчүлүк кыла турган атаандаштыкка жөндөмдүү жаш футболчулар муунун калыптандырууда маанилүү кадам болуп саналат. Бул адис курама команданы 2026-жылдын 29 август - 6 сентябрь күндөрүндө өтө турган 2027-жылкы Азия Кубогуна даярдайт.