Бишкек, "САЯСАТ.KG". Ал 20-ноябрда 76 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан.
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Сауд Арабияда өткөн Ислам тилектештик оюндарында алтын медалга ээ болду.
Ал 20-ноябрда 76 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан.
Кыргызстандык кыз 1/4 финалдан эрте 10:0 эсебинде Риодо өткөн Олимпиада-2016 коло медалын казакстандык Элмира Сыздыкованы утуп алды.
Жарым финалда Медет кызы түркиялык спортчуну ийнине жаткырып, финалга чыкты.
Алтын медаль үчүн чечүүчү таймашта кыргызстандык кыз Нигериянын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңип, 1-орунду ээледи.
Бул алтын Кыргызстан үчүн бул оюндарда төртүнчү болду.
Булак: govori.tv