Бишкек, "Саясат.kg". Олимпиадалык курама команда чечүүчү беттешин 18-ноябрь күнү Оруссияга каршы өткөрөт.
Кыргызстандын Олимпиадалык (U-23) курамасы өлкө футболунун тарыхында жаңы барак ачты. Бүгүн, 15-ноябрда Манас шаарында өтүп жаткан Эл аралык MANAS CUP 2025 турниринин алкагында биздин жаш ак шумкарлар Ирандын курамасын 2:1 эсебинде жеңди.
Беттештин биринчи бөлүгү 0:0 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган. Экинчи бөлүктө 1:0 эсебинде Ирандындыктар эсеп санын ачып, бирок оюндун акыркы мүнөттөрүндө Марлен Мурзахматов гол киргизип, эсеп санын теңеди. Ал эми, беттешке берилген кошумча мүнөттө Саид Дациев өз дараметин көрсөтүп, ак шумкарлар жеңишти камсыздашты.
Белгилей кетсек, U-23 курамасы буга чейин Иран менен 2 жолу беттеш өткөргөн. 2014-жылы Азия Оюндарында беттеш 1:1 эсебинде, ал эми 2017-жылы Азия Кубогуна тандоо оюндарында 2:1 эсебинде ирандыктардын жеңиши менен аяктаган.
Бул ийгилик Кыргызстанда жаңы, күчтүү жана келечектүү муун өсүп келе жатканын, анын эл аралык деңгээлде атаандаша аларын дагы бир жолу далилдейт.
Эске салсак, Manas cup 2025 мелдешинин алгачкы беттешинде да олипиадалык курама Бахрейнди 2:1 эсебинде уткан. Учурда турнирдик жадыбалда Оруссия менен Кыргызстан сап башында келе жатат.
Manas cup 2025 салтка айланган мелдешке айланып, жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн практикасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоо максатын көздөйт. Андан сырткары, бул эл аралык мелдеш алкагында биздин курама командабыз 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына даярдык көрөт.
Олимпиадалык курама команда чечүүчү беттешин 18-ноябрь күнү Оруссияга каршы өткөрөт.