Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 790

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Алдыңкы күндөрү кайрадан шайлана турган машыктыруучулар курамы тууралуу маалыматтар берилет.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучу курамы өз каалоосу менен ишин аяктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Күрөш федерациясынын башкы катчысы Сейтек Толтоев билдирди.

Анын айтымында алдыңкы күндөрү кайрадан шайлана турган машыктыруучулар курамы тууралуу маалыматтар берилет.

Белгилей кетсек, Уран Калилов башкы машыктыруучу, Азат Бейшебеков улук машыктыруучу, Атай Замирбеков 23 жашка чейинки спортчулардын курама командасынын машыктыруучусу болгон.

10 күнгө созулган Загреб шаарындагы дүйнө чемпионаты өз жыйынтыгына келип, Кыргызстандын балбандары жалпы 5 медаль менен өлкөгө кайтып келишти.

Булак: Кабар