Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 549

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Белгилүү балбан килемди сагынганын жана кийинки жылы өз машыгууларын улантууну пландап жатканын белгиледи.

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону, Олимпиаданын байге ээси Айсулуу Тыныбекова чоң спортко кайтып келүүгө даяр экенин билдирди. Анын видеосу социалдык тармактарга тараган.

Белгилүү балбан килемди сагынганын жана кийинки жылы өз машыгууларын улантууну пландап жатканын белгиледи.

«Бардык күрөш күйөрмандарына айткым келет: ооба, чындап кайткым келет. Иншаллах, келерки жылы аз-аздан баштайм. Жолдошум мени толугу менен колдойт. Ал дагы күрөш менен алектенет, спорттун аркасы менен таанышканбыз», — деди спортчу.

Ошентип күйөрмандар Айсулуу Тыныбекованы кайрадан эл аралык турнирлерде көрүшөт. Анын кайтып келиши кыргыз спортундагы негизги окуялардын бири болмокчу. Эске салсак, спортчу турмушка чыккандан кийин өзүн үй-бүлөлүк жашоого арнап, мелдештерге катышпай калган.

Булак: 24.kg