Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 384

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Элчибек Жантаев катышып, оюнчуларды куттуктап, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

Алай командасы көк бөрү мелдешинде чемпион болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 11-сентябрда Алай районунда Кыргыз элинин улуу баатыры Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине арналган облустук көк бөрү мелдешинин финалдык беттеши болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Финалдык таймашта курч жана кызыктуу оюн көрсөтүлгөн. Алай-1 командасы күчтүү атаандашы Кара-Кулжа командасын 3:2 эсебинде жеңип, чемпиондук наамга ээ болду. 

Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев катышып, оюнчуларды куттуктап, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

Жыйынтык төмөнкүдөй болду:

Ал эми калган командалардын ар бирине 50 миң сомдон тапшырылды.

Белгилей кетсек, бул мелдеш улуттук баалуулуктарды даңазалап, жаштар арасында көк бөрүгө болгон кызыгууну арттырууга багытталган.

Булак: koom.press