Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 543

Бишкек, "САЯСАТ.KG". 10 салмактык категория боюнча жалпы 186 балбан кыз күч сынашат.

Бүгүн, 19-августта Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10 салмактык категория боюнча жалпы 186 балбан кыз күч сынашат.

Кыргызстандын атынан кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасы 5 салмактык категорияда төмөндөгү спортчулар килемге чыгат:

Дильназ Абдыкадырова — 50 кг;

Асема Анаркулова — 65 кг;

Гүлнура Таштанбекова — 68 кг;

Кайыркүл Шаршенбаева — 72 кг;

Айжаркын Жаныбекова — 76 кг.

Булак: 24.kg