Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 1722

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Беттеш 3:1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-мартта, борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз Республикасынын жана Катар Мамлекетинин улуттук курама командаларынын ортосундагы футбол беттешин көргөнү барды.

Бул матч 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо этабынын үчүнчү айлампасынын алкагында өттү.

Беттеш 3:1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.