Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 1608

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Оюн 25-март күнү саат 19:45те борбор калаанын Д.Өмүрзаков стадионунда өтөт.

Бүгүн, 24-март күнү «Манас» эл аралык аэропортунда футбол боюнча Катардын Улуттук курамасын Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрү тосуп алышты.

Азиянын учурдагы чемпиону — Катар курамасы Бишкекке, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында өтө турган Кыргызстан-Катар беттешине катышуу үчүн келишти.

Кыргыз футбол биримдигинин Вице-Президенти Дастанбек Конокбаев жетектеген КФБнын делегациясы Катар курамасынын оюнчуларына жана машыктыруучу штабынын өкүлдөрүнө ак калпак кийгизип, белектерди тапшырып, сыйлуу тосуп алышты.

Эске салсак, келе жаткан оюн 25-март күнү саат 19:45те борбор калаанын Д.Өмүрзаков стадионунда өтөт.