Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 5468

Спорту 67 кг чейин салмакта катышууда

Кыргызcтандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду.

Спортчу 67 кг чейинки салмакта катышууда. 1/4 финалдык беттеште жапониянын балбаны Харуто Ябени 9:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште польшалык Арсланбек Салимовду утуп финалга чыкты. Алтын медаль үчүн беттеште грузиялык спортчу Диего Чхиквадзени жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпиону аталды.