Командалык эсепте Кыргызстандын курамасы 1-орунду ээледи.
Кыргызстандын пауэрлифтинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында 6 медаль жеңишти.
Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдиргендей, спортчулар 3 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту.
Мелдеш 21-28-сентябрь күндөрү өтүп, Япония, Моңголия, Сингапур, Малайзия, Индия, Казакстан, Өзбекстан, Иран жана Кыргызстандан 250дөн ашык спортчу катышты.
Аида Касабаева (84 кг, М1 категориясы), Алдибек Абакиров (93 кг, М4 категориясы) жана Егор Черемных (93 кг) Азия чемпиону болушту. Салим Сафай (105 кг) жана Эдилбек Калыбеков (120 кг) күмүш медалга ээ болушту. Ал эми жаштар арасында Никита Василий (53 кг) 3-орунду ээледи.