Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 924

Бишкек, “Саясат.kg”.  Финалдык беттеш кечээ, 15-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда болуп өттү.

Кубок үчүн чечүүчү беттеште “Абдыш-Ата” (Кант ш.) жана “Мурас Юнайтед” (Жалал-Абад ш.) клубдары ойношту.

Беттештин биринчи бөлүгү 0:1 эсебинде конок команданын пайдасына аяктады (Ягр, 25'). Командалар экинчи бөлүктү катуу кармашта өткөрүп, талаа ээлери эсепти эки ирээт теңей алышты. 2-2 эсеби менен аяктаган жолугушуунун экинчи бөлүгү (Батырканов 60', 74' - Ягр 25', Атабаев 66') жеңүүчүнү аныктаган жок, андыктан командалар кошумча убакытка өтүштү.

Экинчи кошумча убакыттын башында Боколеев “Мурас Юнайтедди” алдыга чыгарган. 3:2 эсеби финалдык ышкырыкка чейин өзгөрүүсүз калды. Ошентип, “Мурас Юнайтед” Кыргыз Республикасынын Кубогунун эки жолку жеңүүчүсү болду.

Белгилей кетсек, бул беттеште калыстарга видео жардам берүү системасы - VAR колдонулду. Оюнду Өзбекстан менен Кыргызстандын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу тейледи.

#kfu_kg