Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 1101

Казакстандын Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүдө.

Мелдештин үчүнчү күнүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстан медалдардын саны боюнча үчүнчү орунда келе жатат. Учурда өлкө куржунунда 38 медаль бар. Анын ону алтын, 13 - күмүш, 15 - коло.

Биринчи сапта жайгашкан Казакстан 69 медаль алды. Экинчи орундагы Өзбекстан 32 медаль утту.

Төртүнчүдө Россия - 37 медаль, 5-орунду 11 медалы менен Иран ээледи.

Белгилей кетсек, Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин созулат.