Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 907

Бишкек "Саясат.kg". Бүгүн Тегеранда футбол боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Иран жана Кыргызстан курама командалары кез келет.

Беттеш алдында командабыздын башкы тренери билдирүү жасады.

Максим Лисицын - футбол боюнча Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу: 

- Беттеш кызыктуу болот деген ойдобуз жана баардыгын оюн талаасында чечилет. 

Биз Иранды эң жакшы жагынан гана билебиз: Командада көптөгөн күчтүү футболчулар бар. Албетте, биз дагы өзүбүздүн мыкты жактарыбызды көрсөтөбүз. 

Бизде атаандаш боюнча жетиштүү маалымат бар, анткени Ирандын курама командасы бир топ убакыттан бери учурдагы курамы менен ойноп келет. Биз алардын оюндарын анализдеп, маалыматты оюнчуларга жеткирдик.

Биз Ирандын чабуулга көбүрөөк маани берээрин жана убакыттын көпчүлүк бөлүгүн коротоорун түшүнөбүз. Бирок, биздин чабуулдарыбыз да кооптуу болот деп пландап жатабыз.

Чет элдик клубдарда да, Кыргызстанда да ойногон бир топ оюнчуларыбыз бар. 

Дүйнө чемпионатына чыгууну көздөгөн тажрыйбалуу жана тажрыйба топтоп келе жаткан амбицияларын көрсөтүүнү көздөгөн жаш оюнчулар да бар.

Валерий Кичин – футбол боюнча улуттук курама команданын капитаны:

- Биз бул раундга жаңы экенибизди жана тажрыйба жетишсиз болушу мүмкүн экенин түшүнөбүз. Бирок, биз максатыбыздан танбайбыз. Ар бир оюнда жыйынтыкка жетип, кийинки квалификация үчүн күрөшөбүз. Бизге башка жыйынтыктын кереги жок.