Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 957

Бишкек, “Саясат.kg”.  Дүйнө биринчилиги Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасынын мүчөлөрү Курсантбек Исаков, Рустамжан Кахаров жана Өмүрбек Асан уулу Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын алтын медалына ээ болушту.

Курсанбек Исаков алтын медаль үчүн беттеште кубалык балбан Иосиф Иван Бахманнды 4:2 эсебинде жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону болду. Балбан финалга чейин алгач Япония, андан кийин Казакстан жана Американын балбанын жеңген.

Ал эми Рустамжан Кахаров чечүүчү беттеште россиялык балбан Рамзан Абдулкадыровду 7:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды. Спортчу буга чейин Иран, Австралия, Грузия жана Казакстандын балбандарын ишенимдүү түрдө жеңип, финалга чыккан болчу.

Өмүрбек Асан уулу 60 кг чейинки салмакта жарым финалда АКШдан келген Джордин Рэйнди 12:6 эсеби менен уткан. Финалда азербайжандык балбан Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде ишенимдүү жеңди.

Жарым финалда Өмүрбектин атаандашы жаракат алгана, аны биздин балбан колуна көтөрүп алып чыкканы дагы жакшы сөз болууда.

Мындан тышкары, 51 кг чейинки салмакта Марлен Абдраимов өзбек балбаны Озодбек Алижоновду 17:6 эсебинде жеңип, коло медаль тагынды.