Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 2894

Бишкек, "Саясат.kg". Айсулуу Тыныбекова бир күнү кантип өтөөрүн, өткөн жолу жана келечек максаттары тууралуу айтып берген. 

United World Wrestling - Бириккен күрөш дүйнөсү Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын катышуучусу, кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекованын бир күнүн көрсөттү.

Айсулуу Тыныбекова бир күнү кантип өтөөрүн, өткөн жолу жана келечек максаттары тууралуу айтып берген. 

Спортчу бош убактысында китеп окуганды жакшы көрөт. Ал күн сайын 8-9 саат уктоого аракеттенет. Ал эми бөлмөсүндөгү сүйүктүү жайы - китеп окуп жана ойлорун кагазга түшүрүүгө ыңгайлуу креслосу. Ал эми машыгуунун алдында сөзсүз кофе ичет, бул ысык суусундукту абдан жакшы көрөт. 

"Бишкектеги аялдар күрөшү үчүн курулган жаңы зал мен эртең менен жана кечинде сейилдеген сүйүктүү паркымдын жанында жайгашкан.

Күн сайын машыгуу керек, бирок кээде эс алып, мээни тазалоо да зарыл, ошондуктан мен сейилбакка дайыма келип турам. Аялдар күрөшү үчүн курулган зал биздин ишибиздеги негизги жай. Азыр таңкы машыгуу аяктады, бирок машыктыруучубуз өсүп келаткан муунга ыкмаларды көрсөтүүнү улантууда. Бул абдан маанилүү, анткени жыл сайын күрөш менен алектенүүнү каалагандар көбөйүп жатат, а машыктыруучулар аз. Мен бир аз болсо да жардам бергенге аракеттенем", - деген Тыныбекова. 

Ошондой эле ал спортко келген биринчи күндөрүн төмөнкүдөй эстеген: 

"Алгач спортко 14 жашымда келгем. Анда адамдардын кыз-келиндер күрөшүнө болгон көз карашы башкача болчу. Күрөштү билбеген адамдар дагы менин жашоомо аралашып, спортту таштаганга мажбурлап жатышты. Баары бул мен үчүн эмес экенин айтышты. Ыйлаган күндөрүм да болду. Өзүмө: "Мен эч кимге жолтоо болуп жаткан жокмун го, жактырган нерсе менен алектенип жатам", - деп айтчумун. Бирок басым, сөздөр чыдагыс эле. Абдан көп кыйынчылыктарга туш болдум. Акырындык менен коло, күмүш медаль, анан Олимпиада оюндарына жолдомо алдым. Маалымат каражаттарынын жардамы менен адамдар көз карашын жакшы жакка өзгөртө башташты. Биз кыз-келиндер күрөшү сый-урматка татыктуу экенин далилдедик. Эми көбү спорттун бул түрү менен машыгууну каалап калышты".

"Биз баарын жеңдик. Мен туура жол тандап алгам. Аялдар күрөшүндө жол салган бирөө болушу керек болчу", - деген ал. 

Ал эми спортчунун иниси Медер эжесине суктанаарын билдирген. 

"Ушундай эжем бардыгына бактылуумун. Сулуулук, чынчылдык, тактык, көрктүүлүк - баары анда бар. Мен бактылуумун жана сыймыктанам", - деген. Инисинин айтымында, Айсулуу үйүндө жөнөкөй адам. Ар тараптуу инсан. "Биз бир гана спорт жөнүндө сүйлөшпөйбүз, ал менин жакын адамым, ошондуктан абдан көп темада сүйлөшөбүз. Баса, ал тамакты абдан даамдуу жасайт. Ооба, кез-кезде гана. Анын легендарлуу ашкабак жана тоок эти менен жасалчу самсасы бар. Абдан даамдуу. Негизи эле эжем кыйын кыз", - деген иниси. 

Айсулуу Тыныбекова мекендештеринин колдоосу өзү үчүн абдан маанилүү экенин белгилеген: 

"Мен алардын чын дилинен колдоосун жана бийиктиктерди багындыруума, пьедесталда турушума жана биздин гимндин жаңырышына болгон бата-тилектерин сезем. Бул колдоолор менин демиме дем кошот. Баары мага ийгилик тилешип, мен үчүн дуба кылышат. Мен абдан ыраазымын. Менин максатым азыр жалпы кыргызстандыктардын максатына айланды - медаль алуу. Бул алтын медаль жаңы жашоого, жаңы бийиктикке жана жаңы ийгиликтерге жол ачат", - деген спортчу. 

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмак категориясында 9-августта килемге чыгат.