Бишкек, "Саясат.kg". Оюн 11-июнда Омандын Маскат шаарында болду.
Маскат шаарында 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун Азия зонасы боюнча тандоо раундунун алтынчы туру болуп өттү. Анын алкагында Кыргызстандын командасы Оман курамасы менен беттешти.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Омандын футболчулары менен 1:1 эсебинде тең чыкты.
Оюн 11-июнда Омандын Маскат шаарында болду.
Оюндун 19-мүнөтүндө Эльдияр Зарыпбеков гол киргизди. Атаандаштар эсепти 57-мүнөттө теңдешти.
Оман D группасында 13 упай менен биринчи орунду алса, Кыргызстан 11 упай менен экинчи орунда калды.
Жыйынтыгында, Кыргызстандын курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өтүп, 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алды.
Тандоо раундунун кийинки туруна тайпанын эң мыкты эки командасы чыгышат.