Бишкек, "Саясат.kg". Мелдеште ар бир салмак боюнча үч балбанга лицензия берилет.
Дүйнөлүк күрөш уюмунун маалыматына караганда, кыргызстандык сегиз балбан Париж Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн күч сынашат.
Анда белгиленгендей, дүйнөлүк олимпиадалык квалификациялык турнир Түркиянын Стамбул шаарында 9-майда башталат. Анда Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. Мелдеште ар бир салмак боюнча үч балбанга лицензия берилет.
Кыргызстандын атынан катышуучу спортчулар төмөнкүлөр:
Кыз-келиндер күрөшү боюнча:
- Сезим Жуманазарова – 57 кг.
Грек-рим күрөшү боюнча:
- Азат Салидинов - 87 кг;
- Үзүр Жусупбеков - 97 кг;
- Роман Ким - 130 кг.
Эркин күрөш боюнча:
- Орозобек Токтомамбетов - 74 кг;
- Атай Изабеков -86 кг;
- Андрей Аронов - 97 кг;
- Айаал Лазарев - 125 кг.
Эл аралык турнирде грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге биринчилерден болуп чыгышаары белгилүү болду.