Бишкек, "Саясат.kg". Бишкек шаарында “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.
Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Улукбек Жолдошбеков жана Алибек Осмонов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында 3-орунду ээлешти.
Улукбек Жолдошбеков 65 кг чейинки салмакта 3-орун үчүн беттешинде өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде артта калтырды. Ал эми, Алибек Осмонов 70 кг чейинки салмак ченинде Мустафо Ахмедов аттуу тажикстандык балбанды жеңип коло байгеге татыды.
Эске салсак, Бишкек шаарында “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш, 13-14-апрель кыз-келиндер арасында, 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алат.