Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 3745

Бишкек, "Саясат.kg". Чемпионат Армениянын Ереван шаарында өтүп жатат.

Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев юниорлор арасында бокс боюнча дүйнө чемпиону болгонун Кыргызстандын Бокс боюнча федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргызстандык спортчу 52 кг чейинки салмакта катышкан. Ал финалдык беттеште армениялык атаандашын утуп алган.

Бокс боюнча юниорлор арасындагы чемпионат 24-ноябрда башталган, 4-декабрда аяктайт.

Амантур Жумаев буга чейин Казакстандын Астана шаарында өткөн биринчиликте (U-16) алтын медалга ээ болуп, Азия чемпиону аталган.

Белгилей кетсек, чемпионат Армениянын Ереван шаарында өтүп жатат.