Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 1985

Бишкек, "Саясат.kg". Мелдештер 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт.

Кыргызcтандын улуттук курама командасы Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкти.

Маалыматка караганда, мелдештер 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт. Оюндар төрт жылда бир өткөрүлүп, ага 40тан ашуун өлкөнүн спортчулары катышат.

Азия оюндарынын программасына жалпы 42 спорттун түрү киргизилген, анын ичинен кыргызстандык спорчтулар 23 спорттун түрүнөн катышат. Алар - бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш түрлөрү (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөшү, грек-рим күрөшү), каратэ, фехтование, жеңил атлетика, каное жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, , кибер спорт, джиу-джитсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол, кураш.

Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Джакарта шаарында өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командасы 2 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медаль жеңген.