Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 790

Бишкек, "Саясат.kg". Жарым финалда тажикстандык спортчуну 4:1 эсебинде жеңди.

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Раззак Бейшекеев Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатыда (U23) 1-орунду ээледи.

Спортчу 67 килограммга чейинки салмак даражада беттешип, 1/8 финалдан баштаган. Алгач индиялык балбанды 10:7 эсебинде жеңди. Андан кийин түркмөнстандык балбанды 6:1 эсебинде утуп жеңишке жетти. Жарым финалда тажикстандык спортчуну 4:1 эсебинде жеңди.

Чечүүчү беттеште казакстандык Сырым Сарсенди утуп алтын медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Азия чемпионаты 10-июнда старт алган. Алгач 17 жашка чейинки балбандар арасында өттү. 15-18-июнь күндөрү 23 жашка чейинкилер беттештер өтөт.