Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 362

Бишкек, "Саясат.kg". Жалпы 13 медаль Кыргызстанга тийди. 

9-14-апрель күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу финалга чыкты. 

Тайырбек Жумашбек уулу 61 кг салмактагы категорияда катышып жатат. Ал турнирдин чейрек финалында япониялык балбанды 4:1 эсебинде утуп алган. Ал эми жарым финалда ирандык спортчудан 11:2 эсебинде алдыга чыкты.

Эми алтын үчүн кармашта кыргыз балбаны кытайлык Лю Минху менен беттешет.

Бүгүнкү күндө кыргызстандык 13 балбан медалга ээ болду. Алар:

Грек-рим күрөшү боюнча 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло байге:

1-орун — Акжол Махмудов (77 кг);
1-орун — Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
1-орун — Акылбек Талантбеков (82 кг);
2-орун — Үзүр Жузупбеков (97 кг);
3-орун — Роман Ким (130 кг);
3-орун — Раззак Бейшекеев (67 кг);
3-орун — Адилхан Нурланбеков (72 кг).

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло байге:

1-орун — Айсулуу Тыныбекова (62 кг);
2-орун — Айпери Медет кызы (76 кг);
3-орун — Калмира Билимбекова (59 кг).

Эркин күрөш боюнча 1 күмүш жана 2 коло байге:
2-орун — Алмаз Сманбеков (57 кг);
3-орун — Орозобек Токтомамбетов (70 кг);
3-орун — Улукбек Жолдошбеков (65 кг).