Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 301

Бишкек, "Саясат.kg". Чемпионат Астана шаарында өтүп жатат.

Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандан барган спортчу Калмира Билимбек кызы коло медалга татыктуу болду.

Коло үчүн кармашта Калмира Билимбек кызы (59 кг) казакстандык Диана Каюмова менен күрөшүп, аны 11:6 эсебинде жеңип алды. Буга чейин ал казакстандык жана өзбекстандык спортчуларды утуп, жарым финалда кытайлык балбан кызга жеңилип калган.

Аталган мелдеште Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырды.

Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.