Бишкек, "Саясат.kg". Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо федерациясынан билдиришти.
Эл аралык дзюдо федерациясы (IJF) Анталияда өткөн Гранд Слам турниринен кийин дзюдочулардын дүйнөлүк рейтингин жаңылады. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Эрлан Шеров дүйнөлүк рейтингде көтөрүлүп, 15-сапка жайгашты. Ал эми Кубанычбек Айбек уулу менен Асад Масабиров мыкты 30 спортчунун катарына кирди.