Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 122

Спортчулар үчүн жалпы 600 миң доллар бөлүнгөн.

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова United World Wrestling (UWW) уюмунан 10 миң доллар өлчөмүндө сыйлык акы алат.

UWW уюмунун сайтындагы маалыматка ылайык, Тыныбекова эң жогорку көрсөткүчкө жеткен.

Ал эми экинчи орунга илинген спортчуга 7 миң доллар, үчүнчү орундагыга 3 миң доллар берилет.

Спортчулар үчүн жалпы 600 миң доллар бөлүнгөн. Ал спорттук күрөштүн үч түрү боюнча 90 балбанга берилет.

Булак: Кабар