Печать
Категория: Коом
Просмотров: 148

Бишкектин соода борборлорунда убактылуу эмдөө пункттары ачылды, анда шаардыктар «Sinopharm» кытай вакцинасын алышат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жарандар төмөнкү даректер боюнча эмдөөдөн өтө алышат:

Ленин району:

- «Берекет универсал» соода борбору, Ош базарынын аймагында (Фучик көчөсү, №20/3, 0-кабат);

- «Азия Молл» соода борбору (Ч.Айтматов проспектиси №3);

Октябрь району:

- «Таш-Рабат» соода борбору (М.Горький көчөсү, №1);

- «Космопарк» соода борбору (Юнусалиев көчөсү, №40а (7-кичирайон);

Биринчи май району

- «Вефа» соода борбору (Байтик Баатыр көчөсү, №98);

- «Бишкекпарк» соода борбору (Киев көчөсү, №148);

Свердлов району:

- «Деский мир» соода борбору (Чүй проспекти, №147/4);

- «Чынар» базары (Аламедин-1 кичирайону, №63/1).

Мэрия билдиргендей, вакцина алуучунун паспорту жанында болуусу керек, анткени паспорттогу бардык маалымат боюнча эмделүүчү адам Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөөдөн өткөндөрдүн маалымат базасына киргизилет. Эмдөөгө байланыштуу бардык маселелер боюнча жарандар “Эмдөө” ишеним телефонуна кайрыла алышат: 0(312) 31 32 97