Печать
Категория: Коом
Просмотров: 116

"Кыргызстан коронавирустук инфекциянын кезектеги толкунунун туу чокусуна жетти", - деди бүгүн, 12-июлда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин бюжет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында. 

"Бул жолку толкун дагы 10-15 күндөн кийин ылдыйлайт. Бишкекте учурда ооруканаларда 340 бош орун бар. Жалпысынан 2 243 орун даярдалган, ар күн сайын түнгө бош 250-300 орунду калтырып жатабыз", - деди министр. 

Ошондой эле, айтымында,  медициналык мекемелерде дары-дармек жана коргонуу каражаттары жетиштүү.