Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы акыбал турукташканын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 9-июлда Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, КР УКМКнын Чек ара кызматынын прапорщиги З.Умаров кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Эске салсак, З.Умаров буга чейин тажик тараптын аскер кызматкерлеринин Кыргызстанга куралдуу кол салуусу учурунда кармалып кеткен.
Бүгүн ал жана Кыргызстандын чек ара өкүлү "Кайрагач-автоунаа" өткөрмө пункту аркылуу Кыргыз жергесине келишти. Чек арачынын акыбалы канааттандыраарлык экени айтылууда.
Эске салсак, 8-июлда саат болжол менен 17.00дө кыргыз-тажик чек арасында дагы атышуу болгон.