Печать
Категория: Коом
Просмотров: 164

8-июлда Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жоокер каза болду. Ал  чек ара кызматынын 1994-жылы төрөлгөн сержанты Хуснидин Хожиев экени аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Учурда чек арачынын кандай кырдаалда каза болгону аныкталууда. Айрым маалыматтарга караганда,  тажик тараптан да жарадарлар жана каза болгондор бар.

Окуя болгон жерге Баткен облусу боюнча чекара кызматынын жетекчиси, полковник Кыялбек Төлөнбаев жана күч структураларынын жетекчилери барышты. Кыргызстан жана Тажикстандын өкүлдөрү болгон окуя боюнча териштирүүлөрдү улантып жатышат.