«Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Касымов Оморов COVID-19 менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын пресс-борборунда болуп өткөн брифингдин жүрүшүндө дүйнөдөгү COVID-19 боюнча абал жана вирустун жаңы штаммдары жөнүндө айтып берди.
Ал өз сөзүндө, адамзат эки жылдан бери SARS-CoV-2 коронавирусунун жаңы инфекциясынан жана ага өбөлгө болгон буга чейин этибар алынбаган вирустук дүйнөнүн белгилери болгон: SARS- атипикалык пневмония (2003-ж.) жана MERS-CoV (2012-ж.) инфекцияларынан улам келип чыккан пандемия шартында жашап келе жаткандыгын белгиледи.
Бүгүнкү күндө дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны күн сайын болжол менен 300-400 миңге көбөйүп, саны 185 миллиондон ашык адамга жетти. Ошол эле учурда Кыргызстанда оорулардын жалпы саны 140 миңге жакындап, күн сайын 1200-1500гө көбөйүп жатат.
Баштапкы ухань вариантынын SARS-CoV-2 штаммы олуттуу мутацияга учурады. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө штаммдарды классификациялоонун бир нече түрлөрү аныкталды: Улуу Британия (альфа), Түштүк Африка (бета), Бразилия (гамма) жана Индия (дельта), алардын ичинен Индия штаммы адамзат коомчулугу үчүн эң коркунучтуу болуп саналат.
Индиялык штамм:
дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө жайылган;
инфекция 5-10 секундада (белгилүү штаммдар боюнча 15 мүнөт) пайда болот;
вакцинацияланган жана ооруп айыккан адамдарга жугуу коркунучу бар, бирок алар ооруну жеңилирээк түрүндө өткөрүшөт;
инкубациялык мезгил 1-3 күндү (мурун 3-7 күн) түзөт;
башка штаммдарга салыштырмалуу вирустун көтөрүнкү жүктөмү;
козгогуч организмден 13-15 күндө (мурун 7-9 күн) бөлүнүп чыгат;
клиникалык агым кыйла оор түрдө өтөт, жогорку температура, шакый (баш оору), тамак оорусу, жөтөл, ринит жана башка белгилер;
башка штаммдарга салыштырмалуу ооруканага жаткыруу коркунучу 2 эсе жогору.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча республиканын аймагында индиялык штаммды жуктурган учурлар катталган жок. Өлкөдө жуктуруулардын 85,7 %ы Улуу Британиялык жана 14,2%ы Түштүк Африка штаммдары катталган.
Коронавирустун жугушун алдын алуу жана жеңилирээк башынан өткөрүү үчүн эң натыйжалуу профилактика- калкты 90% га чейин эмдөө болот.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө эмдөөдөн 2 миллиард (24,4%) адам өттү, ЕС өлкөлөрү- 30% дан 70% га чейин, АКШ - 170 миллиондон ашык (52%), Кытай - 1,3 миллиард, Кыргызстан - 130 миңге жакын.